SerepTV Logo

LG мындан ары смартфон чыгарбай турганын жарыялады

LG мындан ары смартфон чыгарбай турганын жарыялады
Түштүк Кореянын эң ири компанияларынын бири болгон LG мындан ары смартфон чыгарбай турганын жарыялады. Аталган компаниянын мобилдик телефондорду чыгарган бөлүгү 2016-жылдан тарта 4,5 миллиард доллар чыгым тарткан. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты. LG мобилдик телефондорун чыгарууну толугу менен 31-июлга карата токтоткону жатат. Чыгарылган телефондор сатыкта болот, ал эми компания белгилүү бир убакыт бою сервистик колдоону жүргүзө турат. Мындай окуя күтүлүп жатканы ушул жылдын январь айында эле айтыла башталган. Анда "компания смартфондор бизнесин кыскартат же сатат" деген сөздөр тараган эле. Компания электр тогу менен жүргөн унаа, акылдуу үй, роботтор үчүн компоненттерди өндүрүүгө күчүн жумшоону улантат.
admin@supertv.kg