Легендарлуу футболчу Франц Беккенбауэр көз жумду
Легендарлуу немис футболчусу Франц Беккенбауэр 78 жашында каза болду.
Футболдук карьерасында Беккенбауэр Германиянын «Бавария» жана «Гамбург» клубдарында, ошондой эле америкалык «Нью-Йорк Космос» клубдарында ойногон. Жалпысынан Франц клубдук деңгээлдеги бардык турнирлерде 620 оюн өткөрүп, анда 74 гол жараткан.
Беккенбауэр ошондой эле Германия курама командасынын курамында 103 оюнга катышып, ал үчүн 14 гол киргизген, ошондой эле ар бир жолудан Дүйнө чемпиондугун жана Европа чемпиондугун жеңген. Кошумчалай кетсек, мурдагы футболчу эки жолу (1972 жана 1976-жылдары) "Алтын топ" сыйлыгын утуп алган.