SerepTV Logo

Лайфхак. Австралиялык киши ашкабактан кайык жасап, дарыяда сүздү

Лайфхак. Австралиялык киши ашкабактан кайык жасап, дарыяда сүздү
Австралияда ашкабактан кеме жасап алган киши дарыяда 1 чакырымдай сүзгөн. Бул тууралуу Shot жазды. Маалыматка караганда, салмагы 407 килограмм болгон ашкабакты анын досу өстүргөн. Ал аны Тормунд деп атап, сынакка алып барып, 1-орун алган. Ал бул ашкабакты үйдөгү жаныбарларга берейин деп келе жатканда Адам Фаркухарсон сурап алган. Ал ашкабактан кеме жасап, дарыяда сүзгөн. Ал муну менен жергиликтүүлөрдүн көңүлүн көтөргүсү келгенин айткан.
edita