SerepTV Logo

Кытайда мейманкана урап, 8 адам набыт болду

Кытайда мейманкана урап, 8 адам набыт болду
Кытайдагы Цзянсу провинциясынын Сучжоу шаарында мейманкананын имараты кулап, анын кесепетинен 8 адам набыт болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Кытайдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө, аймакка издөө-куткаруу топтору жөнөтүлгөнү, 14 адам мейманкананын урандыларынан куткарылып, 9 адам дайынсыз жоголгону белгиленди. 54 бөлмөлүү мейманкана 2018-жылы пайдаланууга берилгени айтылды.
Unknown Author