SerepTV Logo

Кытайда май куюучу жайды 23 долларга тоногон киши 14 жыл үңкүрдө жашаган

Кытайда май куюучу жайды 23 долларга тоногон киши 14 жыл үңкүрдө жашаган

Май куюучу жайды 23 долларга тоноп кеткен кытайлык жаран полиция кармап албасын деп 14 жыл тоодогу үңкүрдө жашынып жүргөн. Бул тууралуу Oddity Central жазды.

Лю Моуфу 30 жашында эки шериги менен май куюучу жайды тоноп кеткен. Бирок уурулар кассадан 23 доллар табышкан. Көп өтпөй полиция шериктерин кармаган. Ошондон кийин ал жашынууну чечкен. Полиция анын үй-бүлөсүн суракка алып, үйүн тинтип жатканда Лю токойдо жашынып жүргөн. Моуфу акыры тоодогу үңкүргө отурукташкан.

Люнун үй-бүлөсү аны бийликке кайрылууга бир нече жолу үндөшкөн, бирок ал баш тарткан. 2023-жылы гана минтип жашай албасын түшүнүп, полицияны үңкүргө өзү жетелеп барган. 14 жыл бою ал киши үй-бүлөсүнүн жашоосундагы атасын акыркы сапарга узатуу, уулунун үйлөнүү тою жана небересинин төрөлүшү сыяктуу көптөгөн маанилүү окуялардан калган. Лю азыр камакта жана 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

edita