Кытайда кызматкер бир жылдык акы төлөнүүчү эмгек өргүүсүн утуп алган
Кытайдын Гуандун провинциясындагы Шэньчжэнь шаарынын тургуну бир жылдык акы төлөнүүчү эмгек өргүүсүн жеңип алган. Бул тууралуу Today Online жазды.
Байге компания уюштурган жылдык сый тамакта ойнотулган. Фирмада жогорку кызматта иштеген адам жеңүүчү болгон. Башында ага ишенбей, алып баруучудан бир нече жолу чынбы деп сураган. Жетекчилик кызматкер менен сүйлөшүп, акча алабы же эмгек өргүүнү тандайбы сүйлөшөрүн айтышты.
https://youtu.be/JN2th9Ov45MЖолдуу кызматкер тууралуу кабар кытайлык социалдык тармактарга тарап, кызуу талкуу жаратты. Социалдык тармактын көптөгөн колдонуучулары жеңүүчүгө ичи күйүп жатканын жазышкан. Алардын айрымдары бул ишканада бош орундардын бар же жок экенине кызыгышты.