SerepTV Logo

Кытайда кулап калган мейманканада каза болгондордун саны 17ге жетти

Кытайда кулап калган мейманканада каза болгондордун саны 17ге жетти
Кытайда ураган мейманкананын кесепетинен каза болгондордун саны 17ге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирүүдө. 12-июлга караган түнү Цянсу провинциясынын Суку шаарында кулаган мейманканада издөө-куткаруу иштери бүгүн аяктады. Жыйынтыгында урандыда калган 23 адам чыгарылды. Алардын 17си каза болуп, 6 адам тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилди. Мейманкананын урап калуусунун себептери учурда иликтенүүдө.  
Unknown Author