SerepTV Logo

Кытайда Компартиянын съездинен Ху Цзиньтаону колунан кармап залдан чыгарып кетишти

Кытайда Компартиянын съездинен Ху Цзиньтаону колунан кармап залдан чыгарып кетишти
Кечээ, 22-октябрда Пекинде Кытайдын Коммунисттик партиясынын XX съезди ишин жыйынтыктап, анда жакынкы беш жылда өлкөнүн башында тура турган жетекчилик шайланды. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Борбордук комитеттин бийликчил органын жаңылоону чечкен көрүнөт. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды. Компартиянын съездинде коомчулук көңүлүн бурган дагы бир окуя болду. Анда Кытайдын мурдагы лидери Ху Цзиньтаону колунан кармап залдан чыгарып кетишти. Интернет булактарына анын чыгарылып бара жатканы тартылган видео жайылган. Ага караганда, Ху Цзиньтаого залдан чыгып кетүү суранычы күтүүсүз болгон, ошондон улам да чыккысы келбей жатканын көрүүгө болот. Кийинчерээк "Синьхуа" мамлекеттик агенттигинен Ху Цзиньтао өзүн начар сезип жатканына байланыштуу чыгарылганын маалымдашты. Бүгүн, 23-октябрда Си Цзиньпин Кытайдын Коммунисттик партиясынын башкы катчысы болуп үчүнчү ирет шайланды. Муну менен Кытайдын лидеринин башкаруусу беш жылдык эки мөөнөт менен чектелиши керек деген салт бузулду. Аны Мао Цзэдундун кезиндегидей персоналисттик башкарууга кайтпоо үчүн 30 жыл мурда кытай лидери Дэн Сяопин киргизген болчу.
info