Кытайда борттогу 122 адамы менен учак тилкеден чыгып, күйүп кетти
Кытайдын Чунцин шаарындагы Чунцин Цзянбэй эл аралык аэропортунда бортунда 122 адам бар учак тилкеден сыртка чыгып барып күйүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, учакта 113 пассажир жана экипаждын 9 мүчөсү болгон. Кырсыктын кесепетинен 40 киши ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилди. Каза болгондор тууралуу маалымат жок.
Учурда өрт өчүрүлүп, аэропорт өз ишин улантууда. Өрттүн чыгуу себептери иликтенүүдө.