SerepTV Logo

Кытайда аба-ырайы бузулуп кетип 21 марафончу каза болду

Кытайда аба-ырайы бузулуп кетип 21 марафончу каза болду
Кытайдын Ганьсу провинциясына караштуу Байинь тоосунда лыжа марафонунун жүрүшүндө аба-ырайы бузулуп кетип 20 адам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты. 22-майда 100 чакырымдан турган "Өлкөнүн кайра жаралышы" деп аталган лыжа марафону өтмөк. Аралыктын үчтөн бири бийик тоолуу райондорго туура келген. Күн ортосунда тоодо көз ачып жумганча аба-ырайы бузулуп, суук түшүп, мөндүрдөн кийин муз аралаш жаан жааган. Ал эми марафончулар жука кийимчен болгон. Аба-ырайы бузулганын уккан уюштуруучулар жарышты токтотуп, марафончуларга 700 кишиден ашуун куткаруу командасын жөнөткөн. Издөө иштерине аба-ырайы да тоскоолдук кылган. Жыйынтыгында 172 марафон катышуучусунун ичинен 151ин куткарууга мүмкүн болуп, дагы 21 киши каза болду.
Жарышка өлкөнүн эң мыкты лыжачылары катышары маалымдалган. Каза болгондордун бири - Кытайда бир нече ультрамарафондордун жеңүүчүсү Лян Чжин. Дагы бири - 2019-жылы улуттук Паралимпиада оюндарынын жеңүүчүсү Хуанг Гуанчжун.
admin@supertv.kg