Кытайда 3 жаштан улуу балдарга коронавируска каршы эмдөө алууга уруксат берилди
Кытай бийлиги балдар менен өспүрүмдөрдү коронавируска каршы "Sinovac" (CoronaVac) вакцинасы менен эмдөөгө уруксат берди. Бул тууралуу өндүрүүчү компаниянын жетекчиси Инь Вайдунга шилтеме берип Reuters эл аралык агенттиги жазып чыкты.
Эми "Sinovac" компаниясынын COVID-19га каршы вакцинасы менен 3 жаштан 17 жашка чейинки балдарды эмдөөгө болот. "Инь Вайдундун айтымында, препарат клиникалык сыноолордун I жана II фазасынан өттү. Жыйынтыгында вакцина балдардын организминде коронавируска каршы иммунитет пайда кылары аныкталды. Ал эми кыйыр таасирлери билинер-билинбес, жеңил болору белгиленди", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда дүйнө жүзү боюнча вакцинаны 18 жаштан жогорку курактагы адамдар алып жатат. Артыкчылык эл менен көп байланышта болгон кесип ээлерине жана улгайып калган адамдарга берилүүдө.
6-июндагы маалыматка караганда, Кыргызстанда 87 миң 50 киши вакцина алды. Анын ичинен 42 миң 732си препараттын экинчи дозасын дагы алууга жетишти.