SerepTV Logo

"Күн тутулгандай". Казакстанда чаңдуу шамал болду (видео)

"Күн тутулгандай". Казакстанда чаңдуу шамал болду (видео)

Кечээ, 18-майда Түндүк Казакстан облусунун бир катар райондорунда чаңдуу шамал болду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн ЖМКлары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, чаңдуу шамал Акжар, Уалихановский жана Тайиншинский райондорунда катталган. Күбөлөр "Күн тутулганга окшоду" деп жазышып, чаңдуу шамалда дээрлик эч нерсе көрүнбөй калганын айтышты.

Казгидрометтин аймактык бөлүмү журналисттерге мындай көрүнүш учурда аймакта болуп жаткан кургак аба ырайынан, ошондой эле абанын температурасынын кескин өзгөрүшүнөн улам болуп жаткандыгын түшүндүргөн. Мындан тышкары, 19-20-май күндөрү метеорологдордун божомолуна ылайык, аймакта абанын температурасынын кескин төмөндөшү күтүлөт. 20-майдан 21-майга караган түнү айрым жерлерде үшүк жүрүшү ыктымал.

 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Петропавловск Казахстан СКО (@sko_kz)

edita