"Күн сайын адамдар чөгүп жатат". Казак өкмөт башчысы коңгуроо какты
Олжас Бектенов Казакстандын өкмөтүнүн жыйынында жыл сайын жүздөгөн адамдар чөгүп каза болорун айтты. Быйылкы 2024-жылы да бул тенденция өзгөргөн эмес.
"Ушул жылы 200-300 киши каза болду. Алардын ичинен балдар - 100дөй. Жай эми эле башталды. Сууда чөгүп каза болгондордун саны өсүп жатат. Өткөн аптада борбор калаада дарыянын аркы жээгине сүзүп өтөм деп, өспүрүм чөктү. 1-июнь Балдарды коргоо күнүндө Кызылордада эки бала чөгүп кетти. Туркестан облусунда каналда дагы эки бала, Каспий деңизинде кароосуз калган 2 жашар бала чөгүп каза болду. Мындай фактылар күн сайын катталууда. Мына бүгүнкү ӨКМ берген маалыматта да сууга чөгүп каза болгондор бар", - деди ал.