Кувейтте түгөйлөр үйлөнүү тойдон 3 мүнөт өткөндөн кийин ажырашышты
Эң кыска нике Кувейтте катталып, каттоодон өткөндөн кийин үч гана мүнөткө созулган. Ажырашууга күйөөсүнүн колуктусун кемсинткен сөздөрү себеп болгон.
Маалыматтарга караганда, тойго келген коноктордун бири колуктуну болочок жолдошу шылдыңдаганын социалдык тармактарга бөлүшкөн. Анда колукту капысынан чалынып кетсе, болочок жолдошу аны "кем акыл" деген. Бул окуядан улам жубайлар ажыраша турганын 180 секунддан кийин эле расмий түрдө жарыялашкан.