"Крокустагы" кандуу окуяда каза болгондордун тизмеси жаңыланды. Анда 143 кишинин тизмеси бар
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Орусиядагы теракттан каза болгондордун жаңы тизмесин жарыялады. Тизмеде 143 адамдын аты бар.
Тергөө комитети кабарлагандай, буга чейин каза болгон 84 адамдын сөөгү таанылган. Алардын арасында 9 жаштан 16 жашка чейинки беш бала бар. Жалпысынан дайынсыз жоголгондор боюнча 143 арыз түшкөн.
[gallery link="file" columns="1" size="full" ids="234830,234829,234827,234826,234825,234828,234824"]