"Крокустагы кандуу окуя". Шектүүлөрдүн сурак берген учурунан видео жарыялашты
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы "Крокус сити холлдогу" терактты уюштурду делген төрт адамдын сурак берип жаткан видеосун жарыялады.
Монтаждалган видео 7-апрель күнү кечинде Биринчи каналда көрсөтүлгөн. Терактка айыпталгандар аларга Сайфулло деген киши тапшырма бергенин, "Крокуска" кол салгандан кийин Украинага кетүүнү пландаганын айтышкан.