«Крокус сити холлдогу» кандуу окуя: Шектүүлөрдүн бири сурак берген видео тарады
"Крокус сити холлдо" теракт жасады деген шек менен кармалган адам Түркиядан 4-мартта келгенин айтты. Сурак учурундагы видеону «Россия сегодня» медиа тобунун жана RT телеканалынын башкы редактору жарыялады.
«Ал жакта (Түркияда) документтер бүтүп, бул жерге келдим», - деди шектүү.
Кармалган адам аны менен "иштегендер" бир ай мурун Telegram аркылуу байланышып, курал-жарак менен камсыз кылганын айткан. Ага залдагы адамдардын баарын өлтүрүү тапшырмасы берилип, бул үчүн бир миллион рублга жакын акча сунушталган.
Жарыяланган кадрларда шектүү 1998-жылдын 17-сентябрында туулган айтты.