Орусиялык окумуштуу: "Коронавируска каршы эмдөөдөн ар бир алты айда өтүп туруу керек"
Роспотребнадзор өкүлү вирус дүйнөдө жайылып турган мезгилде эмдөөдөн улам өтүп туруу маанилүү экендигин жана вакцинаны алты ай сайын алуу керектигин билдирди. Бул тууралуу “ТАСС” Роспотребнадзордун алдындагы Эпидемиология борборунун илим-изилдөө институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, профессор Александр Гореловго шилтеме берип жазып чыкты.
"Оору дүйнөдө жайылып турганда антилелонун деңгээлине карабастан, ар жарым жыл сайын эмдөөдөн өтүп турушубуз керек", - деген Горелов.
Былтыр августта Орусия дүйнөдө биринчи жолу коронавирустан коргогон "Спутник V" вакцинасын чыгарган. Андан кийин "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак" препараттары чыгарылса, жакында эле "Спутник Лайт" вакцинасы каттоого алынды.