SerepTV Logo

Коронавируска каршы вакцинаны качан жана кайсы жерден алууга болорун көрсөткөн программа ишке киреби?

Коронавируска каршы вакцинаны качан жана кайсы жерден алууга болорун көрсөткөн программа ишке киреби?
Коронавируска каршы вакцинаны кайдан жана качан алууга болорун көрсөтүп, жазылууга шилтеме берген программа ишке кирет. Бул тууралуу Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберк өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты. "Бүгүн биз 50 миллион адамды коронавируска каршы вакцинаны алууга бир кадам жакындатууга жардам берүү үчүн глобалдык кампанияны баштайбыз. Биз буга чейин 2 миллиарддан ашуун адамды Covid-19 боюнча абройлуу маалыматка байланыштырганбыз. Азыр көптөгөн өлкөлөр чоң кишилер үчүн эмдөөлөрдү жүргүзүүнү көздөп жатышкандыктан, биз бардык жарандарды эмдөөдөн өткөрүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз. Биринчиден, вакцинаны качан жана кайсы жерде алса болоорун көрсөтүп, жазылууга шилтеме берген программаны ишке киргизебиз. Бул Covid маалымат борборунда болот, аны биз жаңылыктар түрмөгүндө адамдарга көрсөтөбүз. Вакцинаны алуу үчүн жарандардын Фейсбук түйүнүн колдонуп жүргөнүн буга чейин деле көргөнбүз. Демек, бул миллиондогон адамдарга дал ушундай мүмкүнчүлүк берет. Экинчиден, Ковид маалымат борборун Инстаграм социалдык түйүнгө байланыштырып, ал жактагы адамдарга дагы көрсөтөбүз. Үчүнчүдөн, биз адамдарга вакцина алуу үчүн каттоого турууга жардам берүү үчүн Ватсаптын чат-ботторун кеңейтүү үчүн саламаттыкты сактоо органдары жана өкмөттөр менен иштешип жатабыз. Буга чейин өкмөттөр, коммерциялык эмес уюмдар жана эл аралык уюмдар Ковидге байланыштуу 3 миллиардан ашык билдирүүлөрдү жарандарга WhatsApp түйүнүндөгү расмий чат-боттор аркылуу жөнөтүшкөн, ошондуктан бул жаңылануу эмдөөгө дагы жардам берет. Маалыматтар вакциналар коопсуз жана майнаптуу экенин көрсөтүп турат. Алар - бул вирустан өтүп, кадимки жашоого келүүгө болгон эң жакшы үмүтүбүз",- деп айтылат маалыматта.      
edita