Коронавирус. Орусияда акыркы суткада 1106 адам көз жумду
Акыркы суткада Орусиянын аймагында коронавирустан 1106 адам көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы билдирди.
Каза болгондордун эң көбү Москва шаарында катталган - 86. Ал эми Санкт-Петербургда 72 адам илдеттен көз жумду. Пандемия башталгандан бери 232 миң 775 адам көз жумду. Учурда 1 миллион 890 миң 69 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.