Коронавирус. Москвада бир апта дем алыш жарыяланды
13-июнда Москва шаарынын мэри вирустун жайылышын ооздуктоо үчүн жашоочуларды үйдөн иштөөгө чакырды. Ал 19-июнга чейинки күндөрдү дем алыш деп жарыялады.
20-июнга чейин Москванын парктарындагы көңүл ачуучу жайлар, балдар ойной турган жана спорт аянтчалары, соода борборлорунун тамактануу жайлары жана балдар аянтчалары ишин токтотот. Коомдук тамактануучу жайлар жана түнкү клубдар саат 23:00дөн баштап таңкы саат 6:00 чейин кардарларды тейлебейт.
Москванын мэри Сергей Собянин пандемия жайдын биринчи айларында күчөй турганын айтып, аны вирустун жаңы штаммдары менен байланыштырды. “Биз пандемия жазында күчөп, анын туу чокусу апрель-май айларына келет деп болжолдогонбуз, бирок ал июнь-июль айларына жылып кетти. Москванын тургундарынын жарымынын иммунитети бар. Алар же ооруп айыккандар же эмделгендер. Ошентсе да, COVID-19 өтө агрессивидүү түрдө тарап жатканына күбө болуп жатабыз”, - деди ал.