Дүйнөдө боло элек көрүнүш бүгүн Индияда! Оорудан өлгөндөрдү өрттөөгө жетишпей жатышат
Индияда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Акыркы 24 саат ичинде аталган өлкөдө 314 миң 835 адамдан коронавирус аныкталган. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Керек болсо, мындай көрсөткүч буга чейин дүйнөнүн эч бир жеринде каттала элек болчу. Дүйнөлүк басылмалар "тарыхый максимум" деген баа беришүүдө. Оору жуктургандардын жалпы саны 16 миллион кишиге жетти.
Индияда 1 миллиард 400 миллиондон ашуун калк жашайт. Март айынын аягында эле суткасына 70 миң адам илдетке чалдыгып жаткан, апрель айынын башталышы менен ооруну жуктуруп алгандардын саны кескин өсө баштаган. Аталган өлкөдө коронавирус жаңы мутацияга кабылганы маалым жана ал окумуштуулар тарабынан жетиштүү иликтене элек. Бирок оору жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп кеткенинин себеби бул эле эмес деп жатышат. Жылдын башында сутка ичиндеги статистиканын көрсөткүчү ылдыйлап баштаганда калктын көпчүлүгү талаптарды аткарбай, бийлик массалык иш-чараларды өткөрүүгө да уруксат берип койгон. Индияда бейтапканаларда дээрлик орун жок. Өлкөнүн ири шаарларындагы ооруканаларга 80 пайызга жык толуп, реанимация бөлүмдөрүндө бош керебет калган эмес.
Жогорудагы антирекорддон тышкары дагы бир кейиштүү кабар. 22-апрелде Индияда коронавирустан каза болгондордун эң көп саны катталды, тагыраагы бүгүн 2023 киши көз жумду. Крематорийлер кайтыш болгондордун сөөгүн өрттөөгө жетишпей жатат. Ал эми илдеттен 184 миңден ашуун адам көз жумду.
Ошону менен бирге коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 132 миллиондон ашты. Учурда өлкөдө жергиликтүү “Covaxin”, “Covieshield” жана Орусиянын «Спутник V» вакциналары менен эмдөө өнөктүгү жүрүп жатат.