SerepTV Logo

Коркунучтуу түштөр кирип, уктатпай койгон. Уурулар уурдаган идолдорун кайтарып беришти

Коркунучтуу түштөр кирип, уктатпай койгон. Уурулар уурдаган идолдорун кайтарып беришти

Индиянын Мадхья-Прадеш штатындагы Читракута шаарында сыйынуучу жайдан уурдалган эски идолдорду уурулар кайтарып беришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Сыйынуучу жайдын кечили идолдор жоголгондон бир жума өтпөй үйүнүн жанынан баштыкты таап алган. Баштыктын ичинде каты да болгон. Каракчылар идолду уурдагандан бери коркунучтуу түштөр кирип, тынч уктай албай калышканын жана ошондон коркуп кайтарып берүүнү чечишкенин жазышкан. Кайтарылган идолдордун баасы ондогон миллион рупийге бааланган.

Кечил Рамбалактын айтымында, уурдалган идолдор 300 жыл мурунку баалуулуктар. Алар алтын, күмүш, коло, цинк, коргошун, жез жана башка металлдардын эритмесинен жасалып, баары күмүш менен кооздолгон. Кечил полицияга кайрылып, 4 ууруну аныктап, кармашкан.
info