SerepTV Logo

Коңшуларда эмне кеп? Душанбеде 2025-жылы метро курула баштайт

Коңшуларда эмне кеп? Душанбеде 2025-жылы метро курула баштайт
Тажикстандын Транспорт министрлиги Душанбеде метро линиясын куруу 2025-жылы баштала турганын жарыялады. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, долбоор июнь-июль айларында башталат. Узундугу 10,5 чакырымды түзгөн метро линиясы борбордун түштүк четин шаардын борбору менен байланыштырат. "Долбоор 2022-жылдын мартында Тажикстандын Транспорт министри Азим Иброхим менен Түштүк Кореянын улуттук темир жол компаниясынын башчысы Ким Хан Яндын ортосунда кол коюлган келишимдин негизинде ишке ашып жатат", - деп айтылат маалыматта. Аталган меморандумда метрополитендин инфраструктурасын өнүктүрүү каралган. Министрликтин өкүлдөрү метрону ишке киргизүү жолдордогу тыгынды азайтып, Душанбенин транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга жардам берерин белгилешти.