Колумбиянын сөз сүйлөп жаткан мэринин шымы шыпырылып калды (видео)
Колумбиянын мэри сөз сүйлөп жатып шымын "жоготуп алды". Мэр Хорхе Элиас Чамс окуу жайларынын биринде салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөп жаткан. Сөзүнүн ортосунда эле шымы шыпырылып, ич кийимчен калды.
"Бул тарыхта калсын, мен 8 килограммга арыктадым", - деди ал. Залдагылар бул сөздөрдү кол чабуулар менен коштоп жиберишти.