SerepTV Logo

20 миллиард долларга тете байлык! 300 жыл мурун чөгүп кеткен кеме табылды

20 миллиард долларга тете байлык! 300 жыл мурун чөгүп кеткен кеме табылды
Колумбиянын президенти Густаво Петро Кариб деңизинин түбүнө 300 жыл мурун чөгүп кеткен испаниялык "Сан-Хосе" кемесин алып чыгууну тапшырды. Ал кемеде 4 миллиард доллардан 20 миллиард долларга чейин бааланган кенч бар. Бул тууралуу Колумбиянын Маданият министри Хуан Дэвид билдирди.  Президент 2026-жылы мөөнөтү аяктаганга чейин кемени чыгарууга үмүттөнөт деди ал. Ал үчүн чиновниктерден мамлекеттик-жеке өнөктөштүк түзүүнү же жеке фирма менен келишим түзүүнү суранган.  1708-жылы жайында "Сан-Хосе" британиялык кеме менен салгылашууга катышып, чөгүп кеткен. Кемеде 600 адам, ошондой эле алтын, күмүш, асыл таштар жана башка баалуу буюмдар салынган сандыктар болгон. Кеме 2015-жылга чейин дайынсыз деп эсептелип, Колумбиянын деңиз флоту өлкөнүн аймактык сууларынан анын сыныктарын тапканын жарыялаган.
edita