Колумбияда шахта кулап, эки адам каза болду
Бүгүн, 18-июнда Колумбиянын борбордук бөлүгүндө эки адам кырсыктын курмандыгы болду. Дүйнөлүк басылмалар кабарлашкандай, чоң таштар төрт кенчинин үстүнө кулап, жумушчуларды басып калды. Каргашалуу окуя өлкөнүн Калдас департаментинин Мармато муниципалитетинде болгон.
Колумбиянын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин тобокелчиликтерди башкаруу бөлүмүнүн башчысы Каролина Рестрепо Ботоонун айтымында, окуя учурунда шахтерлордо керектүү коргоочу шаймандар жок болгон. Коопсуздук талаптары сакталбагандыктан, кырсык эки жумушчунун өлүмүнө алып келген. Бир адам мүрт кетсе, экинчиси ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон. Ал эми дагы экөө учурда медицина кызматкерлердин көзөмөлүндө.