КМШ мамлекет башчылары Владимир Путиндин 70 жылдыгына эмне белек кылышты?
КМШ мамлекет башчыларынын Путинге берген белектери:
Беларустун президенти Александр Лукашенко журналисттерге берген маегинде өзү колдонгон "Belarus" үлгүсүндөгү тракторду үрөн сепкичи менен чогуу берерин айткан.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон коон менен дарбыздарды алып барып, 2 пирамида курдурган. Анын четтери жемиштер менен кооздолгон.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Владимир Путинди жогорку даражадагы Достук ордени менен сыйлады. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин басма сөз катчысы билдирди. Сыйлык өлкөлөрдүн элдеринин ортосундагы салттуу достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон зор жеке салымы үчүн, ошондой эле Владимир Путиндин 70 жылдыгына байланыштуу деп ыйгарылган.

Азырынча башка президенттер эмне белек кылганы белгисиз.