"Клон" сериалындагы актриса Жандира Мартини каза болду
Актриса Жандира Мартини 78 жашында Сан-Паулуда каза болгонун UOL Splash билдирди. Маалыматты актрисанын жолдошу актёр Маркос Карузо тастыктаган.
Актрисанын өлүмүнүн себеби айтыла элек. O Globo гезитинин жазганына караганда, ал өпкө рагы менен күрөшүп жүргөн. Жандира Мартини 2001-жылы тартылган "Клон" сериалындагы Зорайденин ролу менен белгилүү.
Актриса 1945-жылы 10-июлда Сан-Паулу штатынын Сантос шаарында туулган. Бразилияда ал жазуучу жана театралдык пьесалардын автору катары да белгилүү.