Кичинекей карындаштарына өзүн коргоону үйрөткөн баланын видеосу көпчүлүктү күлдүрдү
Видеонун автору, 32 жаштагы 5 баланын энеси, Казакстандагы Актөбеде жашаган Адия видеонун жаралуу тарыхын айтып берген. Анын айтымында, кыздарга уулунан «Эне тили» китебин окуп берүүсүн суранган. "Күн сайын улуу балдар кичүүлөрүнө 15-20 мүнөт китеп окуп беришет. Бирок бул жолу баары пландагыдай болгон жок. Көрүп тургандай, 3 айлык бир туугандарына өзүн кантип коргоо керектигин түшүндүрүп баштаган", — дейт апасы.
Видеодогу баланын аты Эрсултан. Ал жаш экенине карабай шахмат, футбол жана карате менен машыгат. "Анын карындаштарына мындай адаттан тыш “сабак” өтүшүнө анын карате менен машыгуусу түрткү болгон окшойт", - деди апасы.
Соцтармак колдонуучулары "Мындай болбойт деп түшүндүрүү керек, кыздардын үстүнө кулап кетсе, эмне болот?" деп жазышкан. Буга апасы: "Ооба, ошол жерден эле баарын түшүндүрдүм",- деп жазган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram