SerepTV Logo

Кесарево жолу менен төрөтүү учурунда дарыгерлер ымыркайдын бетин кесип алышкан (сүрөт)

Кесарево жолу менен төрөтүү учурунда дарыгерлер ымыркайдын бетин кесип алышкан (сүрөт)

Кесарево учурунда дарыгерлер жаңы төрөлгөн ымыркайды бетин скальпель менен кесип алышкан. Ымыркай кыздын бетин 13 жеринен тигүү керек болгон. Окуя АКШнын Денвер шаарында болгон. Бул тууралуу Lad Bible жазып чыкты.

Ымыркайдын энеси Риазжхана Уильямс башында табигый жол менен төрөө пландаштырганын жана төрөттү чакыруу үчүн таблетка берилгенин айтты. Ошондон кийин ал шашылыш түрдө операцияга киргизилип, дарыгерлер шашылыш кесарево жасашкан. Жаш эне кызын көргөндө нес абалында калган. Себеби бетиндеги кесиги абдан эле терең болгон. "Дарыгерлер биздин кызыбыз күтүлбөгөн жерден кыймылдап ийгенин, операция жүрүп жатканда анын башы плацентага жакын жайгашканын айтышты", - деген аял. Эненин айтымында, дарыгерлер бул шалаакы мамилеси үчүн жооп бериши керек.
edita