SerepTV Logo

Кейт Миддлтон химиотерапияны аяктагандан кийин биринчи жолу чоң иш-чарага катышты

Кейт Миддлтон химиотерапияны аяктагандан кийин биринчи жолу чоң иш-чарага катышты
Ханбийке Кейт Миддлтон кечээ, 9-ноябрда фестивалга катышты.  Бул ханбийке химиотерапиядан өткөндөн кийин катышкан биринчи чоң иш-чара. Бул тууралуу CNN жазды.

Сүрөттөр Кейт жолдошу Уильям жана падыша Чарльз менен Королдук Альберт Холлдо өткөн Эскерүү фестивалына катышып жатканда тартылган. Ханыша Камилла да иш-чарага катышышы керек болчу, бирок ал инфекциядан улам катышуудан баш тарткан.

Ханбийке Кейт Миддлтон 9-сентябрда химиотерапияны аяктаганын жана жыл аягына чейин кызматтык милдеттеринин бир бөлүгүнө кайтууну пландап жатканын билдирген.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="259799,259800,259801,259802"]
edita