Казакстандын өкмөтү отставкага кетти
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстандын өкмөтүн отставкага кетиргенин Акордадан билдиришти.
«Казакстандын Конституциясынын 70-беренесине ылайык, өкмөттүн отставкасын кабыл алуу жөнүндө токтом кабыл алам», - деп айтылат мамлекет башчынын жарлыгында.
Казакстандын премьер-министринин милдеттери убактылуу Роман Склярга жүктөлдү. «Өкмөттүн мүчөлөрү жаңы курам бекитилмейинче өз милдеттерин аткарууну улантышат», - деп чечти президент. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.