SerepTV Logo

Казакстандын депутатынын зомбулук боюнча кайрылган аялдарды да камоо сунушу талкуу жаратты

Казакстандын депутатынын зомбулук боюнча кайрылган аялдарды да камоо сунушу талкуу жаратты
Казакстан парламентинин депутаты Амантай Жаркынбек 26-сентябрда Мыйзам жана соттук-укуктук реформа боюнча комитеттин жыйынында үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу күйөөлөрү камалган учурда, жабыркаган аялды да камоону сунуштаган. Бул билдирүү социалдык тармактарда резонанс жаратты. «Биздин мыйзамда «чагымчы» деген түшүнүк бар. Мындай учурда аял дагы жоопкерчиликке тартылышы керек. Бир кишилик камерада эркек кишини 15 суткага кармоонун кажети барбы? Аны күнөөлүү деп табышса, аялын дагы бир кишилик камерага камоо керек. Үй-бүлөлүк милдеттерди тең бөлсөк, көп көйгөйлөрдү көзөмөлдөй алмакпыз», - деген депутат.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Азаттық Радиосы/Радио Азаттык (@azattyq)

edita