SerepTV Logo

Казакстандын аскердик кампасында жарылуу болду (видео)

Казакстандын аскердик кампасында жарылуу болду (видео)

Жамбыл облусунда жарылуу катталды. Казакстандын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, аскердик кампасында өрт чыккан. 

«Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскер бөлүгүндө саат 19:00 чамасында кампалардын биринин жанында өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен белгисиз нерсе жарылган. Учурда өрт өчүрүү аракеттери көрүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта. 

Маалым болгондой, өрттүн булагын өчүрүү иштери улантылууда. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. "Окуя болгон жерге министрдин орун басары генерал-лейтенант Руслан Шпекбаевдин жетекчилиги астында Коргоо министрлигинин комиссиясы жөнөтүлдү", - деп кошумчаланат маалыматта. 

edita