Казакстандык ырчы Торегали Тореали 20 суткага камакка алынат
Казакстандык ырчы Торегали Тореали соттун чечими менен 20 суткага камакка алынат жана 7 жылга транспорттук каражатты башкарууга укугунан да ажыратылат.
14-июнда Алматыда атактуу баңгизат колдонуп Lexus үлгүсүндөгү унааны башкарып, ал патрулдук унааны сүзгөнү үчүн кармалган. Ага карата алты укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, унаасы айып короосуна киргизилген.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="186293,186294"]