SerepTV Logo

Казакстандык белгилүү актёр Фархат Абдраимов 55 жашында көз жумду

Казакстандык белгилүү актёр Фархат Абдраимов 55 жашында көз жумду
Казакстандык белгилүү актёр Фархат Абдраимов көз жумду. Бул тууралуу "Казак фильмден" билдиришти. "Тилекке каршы, бул чындык. Ал Грузияда съемкада жүргөн. Өлүмүнүн себеби - инфаркт», - деп айтылат маалыматта. Ал 55 жашта болчу. Фархат Абдраимов 1966-жылы 21-январда Алма-Ата шаарында туулган. Алма-Ата технологиялык институтунун технология жана коомдук тамактанууну уюштуруу факультетин аяктаган. Кесиби инженер-технолог. Ал "Кызгылт коёндун жомогу", "Рэкетир-2", "Фара" жана башка көптөгөн тасмалардагы ролдору менен белгилүү.
edita