Казакстандагы митингдер. Улуттук коопсуздук кызматы каза болгон чекисттердин ысымын атады
Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы каза болгон кызматкерлеринин жана курсанттарынын ысымын атады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Төмөндө алгачкы 5 кызматкер тууралуу маалымат:
- Даулет Жупарбеков, 19 жашта, Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара академиясынын курсанты.
- Жайык Адылкан, 22 жашта, Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара академиясынын курсанты.
- Адиль Нуркенов, 29 жашта, Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери.
- Андрей Кабдинов, 47 жашта, Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара академиясынын кафедра башчысы.
- Дастан Эдильбай, 39 жашта, Улуттук коопсуздук кызматынын Жамбул облусу боюнча департаментинин террорчулукка каршы борборунда бөлүм башчы.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="93200,93201,93202,93203,93204"]
Буга чейин Казакстандын ички иштер министрлигинен башаламандыкта каза болгон 7 полиция кызматкеринин ысымын жарыялашкан.