SerepTV Logo

Казакстандагы митингдер. Токаев "Алматынын кулашы бүт өлкөнү басып алууга жол ачмак" деди

Казакстандагы митингдер. Токаев "Алматынын кулашы бүт өлкөнү басып алууга жол ачмак" деди
"Агрессия бир учурда өлкөнүн 11 аймагын камтып, бирок башкы сокку Алматыга каршы багытталды". Бул тууралуу кечээ, 10-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУнун кезексиз жыйынында билдирди. "Бул шаар биздин өлкөнүн эң чоң калаасы жана финансылык борбору. Алматынын кулашы калк жыш жайгашкан өлкөнүн түштүгүн, кийин бүтүндөй мамлекетти басып алууга жол ачмак", - деди казак президенти.
edita