SerepTV Logo

Казакстандагы митингдер. Telegram жана WhatsApp иштебей жатат

Казакстандагы митингдер. Telegram жана WhatsApp иштебей жатат
Казакстандагы массалык митингдердин коштоосунда Telegram, WhatsApp жана Signal мессенжерлери иштебей жатат. Аталган мессенжерлер саат 22:00 чамасынан бери иштебей калганы айтылууда. Алматы шаарында да мобилдик интернет иштебей жатканы маалымдалган болчу. Атүгүл Алматы жана борбор калаадан тышкары башка шаарларда да мобилдик интернет үзгүлтүккө учурап, маал-маалы менен байланыштын өзү да жоголуп жатат. Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу.
edita