Казакстандагы митингдер. Президент Токаев демонстранттарга кайрылды
Коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев демонстранттарга кайрылып, аларды коомчулуктун биримдигин жана туруктуулугун бузууга кызыкдар болгон күчтөрдүн артынан ээрчибөөгө чакырды.
"Социалдык-экономикалык мүнөздөгү башка талаптар өзүнчө каралат, анын ичинде эртең өтө турган борбордогу жумушчу жыйында сөз болот", - деп өлкө башчысы соцтармактагы баракчасына жазды. Билдирүүдө өкмөт Мангистау облусунда суюлтулган газдын баасын 50 теңгеге түшүрүү чечимин кабыл алганы айтылат.
Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу.Правительство в рамках данных ему полномочий в целях обеспечения стабильности в стране приняло решение снизить в Мангистауской области цену за сжиженный газ до 50 тенге за литр.
— Qasym-Jomart Toqayev (@TokayevKZ) January 4, 2022