SerepTV Logo

Казакстандагы митингдер. Назарбаевдин маалымат катчысы: "Елбасы Нур-Султанда. Ал баарын Токаевдин айланасына биригүүгө чакырат"

Казакстандагы митингдер. Назарбаевдин маалымат катчысы: "Елбасы Нур-Султанда. Ал баарын Токаевдин айланасына биригүүгө чакырат"
"Елбасы Нур-Султанда. Ал баарын Токаевдин айланасына биригүүгө чакырат". Бул тууралуу Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин маалымат катчысы Айдос Укибай соцтармактагы баракчасына жазды. "Елбасы Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында. Калп маалыматты таратпоону суранабыз. Елбасы бир катар консультативдик жолугушууларды өткөрүп, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен түз байланышта. Елбасы азыркы чакырыктарды жеңүү жана биздин өлкөнүн бүтүндүгүн камсыздоо үчүн баарын Казакстандын президентинин айланасына биригүүгө чакырат", - деп жазылат билдирүүдө.
edita