Казакстандагы митингдер. Каза болгон полиция кызматкерлеринин ысымдары жарыяланууда, эң кичүүсү болгону 18 жашта
Кечээ, 7-январда Казакстандын ички иштер министрлиги башаламандыкта каза болгон полиция кызматкерлеринин ысымдарын жарыялай баштады. Төмөндө алгачкы 7 кызматкер тууралуу маалымат:
- Тараз. Полициянын капитаны Рахат Сланбеков, 1988-жылы туулган;
- Алматы. Полициянын старшинасы Ринат Камбетов, 1988-жылы туулган;
- Алматы. Полициянын улук сержанты Ален Асылханов, 1993-жылы туулган;
- Жамбыл. Полициянын кичүү сержанты Нурболсын Алмасов, 1994-жылы туулган;
- Прапорщик Ербол Ержанов, 1976-жылы туулган;
- Катардагы аскер кызматкери Мадияр Кайсаров, 2002-жылы туулган;
- Катардагы аскер кызматкери Айбат Аманов, 2003-жылы туулган.