SerepTV Logo

Казакстандагы митингдер. Атайын операцияда 26 киши жок кылынды

Казакстандагы митингдер. Атайын операцияда 26 киши жок кылынды
Казакстандагы кылмышкерлерди жок кылуу боюнча атайын операциянын жүрүшүндө 26 кишинин көзү тазаланды. 18 куралдуу адам жаракат алган. Атайын операцияда 3 миңден ашуун киши кармалды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып "Хабар 24" мамлекеттик телеканалынан билдиришти. Алматы шаарында бүгүн, 7-январь күнү да атайын операция уланууда. Казакстанда башаламандык аяктай элек жана бул соңку окуялардан каза болгондор, жаракат алгандар тууралуу так маалымат белгисиз болууда. Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу. Көп өтпөй, өлкөнүн башка шаарларында жаңы-өзөндүктөрдү колдогон митингдер башталып, 4-январь күнү кечинде нааразычылык акциясына чыккан жарандар саясий талаптарды коюшту.
edita