Казакстандагы митингдер. Алматыдагы акимчилик армиянын курчоосуна алынды
Бүгүн, 5-январда Алматы шаарындагы акимчиликтин имараты аскер кызматкерлери жана аскердик техника менен курчалып турат. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="92830,92829,92828,92827,92826"]
Аталган имараттын 5-январга караган түнү митингчилер тарабынан басып алынганы маалымдалган эле. Соцтармакка тараган видеолордун биринен митигнчилердин "Акимчилик биздики. Тууну жерге таштабагыла" деп сүйлөп жатканын угууга болот.
Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу. Көп өтпөй, өлкөнүн башка шаарларында жаңы-өзөндүктөрдү колдогон митингдер башталып, 4-январь күнү кечинде нааразычылык акциясына чыккан жарандар саясий талаптарды коюшту.