SerepTV Logo

Казакстандагы бала бакчада үрөй учурган окуя катталган. Кыздын апасы акыйкаттык издеп жатат

Казакстандагы бала бакчада үрөй учурган окуя катталган. Кыздын апасы акыйкаттык издеп жатат
Алматыда менчик бала бакчалардын биринде 3 жашар кыздын жыныстык органы кесилип, канаган. Ошол учурда мекемедеги камералар иштебей калган. Бул тууралуу кыздын апасына таянып казак басылмалары жазышты. Социалдык тармактарга тараган видеокайрылууда аял окуя 3-июнь күнү «Бактылуу балдар» менчик бала бакчасында болгонун билдирген. Анын айтымында, саат 7:50дө кызын бала бакчага аман-эсен алып барып, саат 9:30да тарбиячылар чакыртып, келүүсүн суранышкан. "Бала кароочу чалып, кызымдын этек кири келип жатканын айтты. Мен аларга Тез жардам чакыртуу керектигин айттым", - деди апасы.

Кийинчерээк соттук-медициналык эксперттер кыздын кичинекей жыныстык органында кесилгенин аныкташкан. Апасы белгилегендей, бала бакчанын кызматкерлери кыздын жуулган кийимдерин кайтарып беришип, жаракат алган кызын апасы өзү таштап кеткенин айтып, күнөөлөшкөн. "Кызым 2 күн дааратканага бара албай ыйлады", - деди апасы. Ал видео көзөмөлдөн көрсөтүүнү талап кылган. Бирок ал күнү камера иштебей калганын айтышкан. Апасы кызынын эмне болгонун азыркыга чейин билбейт. 

edita