SerepTV Logo

Казакстанда үй тапшырманын айынан апасы кызына бир нече жолу бычак сайган

Казакстанда үй тапшырманын айынан апасы кызына бир нече жолу бычак сайган
Түндүк Казакстан облусунун Уалихановск районунда көп балалуу эне үй тапшырмасын аткарбай койгон 11 жаштагы кызына бир нече жолу бычак сайганын Tengrinews.kz жазды.

Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Динара Закиева инстаграм баракчасына окуя тууралуу жазды. Анын айтымында, кыз райондук ооруканага жаткырылып, кийин облустук балдар клиникасына жеткирилген.

«Кыздын абалы оор», - деп билдирди аймактык кабарчы. Түндүк-Казакстан облусунун Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Саула Сураганованын айтымында, кыздын апасы үй тапшырмасын аткарбай, мектеп дептерин туура эмес жүргүзгөндүктөн чыр чыгып, бычак сайылган.

Анын айтымында, жабыркаган кыздын ата-энеси алты баланы тарбиялап, чоң ата-чоң энеси менен чогуу жашашат. Билим берүү министрлигинин Балдардын укугун коргоо комитети билдиргендей, кызга психологиялык жардам көрсөтүлөт.

edita