Казакстанда сабиз 150 сомдон сатылып жатат
Казакстанда да Кыргызстандагыдай эле сабиз менен картошканын баасы өсүүдө. Бул тууралуу Спутник Казакстан жазып чыкты.
"Бүгүнкү күндө Актау дүкөндөрүндө сабиздин наркы чыккан өлкөсүнө жана түшүмүнө жараша 535 (108 сом) тенгеден 850 (150 сом) тенгеге чейин сатылууда. Өткөн жылдагы сабиз арзаныраак сатылууда. Жаңы түшүмдүн 1 килограммын 850 тенгеден сатып алууга болот", - деп жазылат маалыматта. Дүң жеткирүүчүлөр сабиздин баасынын туруксуздугун жашылчалардын жаңы түшүмү чыгып жатканы менен байланыштырышат.
Кыргызстанда да картошка менен сабиздин баасы болуп көрбөгөндөй кымбаттады. Дүкөндөрдө сабиздин баасы 100 сом болсо, картошканын баасы 60-70 сом болууда. Айыл чарба министрлиги жашылчанын бул түрүн сыртка чыгарууга убактылуу чектөө киргизүүнү сунуш кылды.