SerepTV Logo

Казакстанда өрттөнгөн үйдөн балдардын жансыз денеси табылды

Казакстанда өрттөнгөн үйдөн балдардын жансыз денеси табылды
Атырау облусунда күйүп кеткен батирден балдардын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Tengrinews.kz "Мой город" басылмасына шилтеме берүү менен билдирди. Дагы 2 чоң киши ооруканага жаткырылып, реанимацияда экени кабарланды. «Кырсык бүгүн, 25-апрелде саат 06:00дөр чамасында Атырау облусунун Индер районундагы 5 кабаттуу үйдө болгон. Облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2-кабаттагы батирден өрт чыккан. Келген өрт өчүрүүчүлөр уктоочу бөлмөдөн 10 жана 7 жаштагы эки баланын сөөгүн табышкан. Балдардын апасы жана бир киши ооруканага жаткырылган», — деп белгилейт басылма. ⠀ Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өрт саат 06:10до толугу менен өчүрүлгөн. Каргашанын себебин аныктап жатышат.
edita