Казакстанда окуучу мектепке балта менен барып, кол салган. Үрөй учурган окуянын чоо-жайы айтылды
- Окуучусу мектепке балта жана бычак алып барып, дааратканага кирип, бет кап кийип, коридорго чыгып, үч окуучуну жарадар кылган. Эки окуучу башынан жана билегинен бычактан алган жаракаттары менен балдар ооруканасына жаткырылган. Үчүнчү окуучуга жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн. Жабыркагандар 9-10-класстардын окуучулары болгон.
Түндүк Казакстан облусунун прокуратурасы окуучунун балта менен кол салуусунун үрөй учурган чоо-жайын ачыктады. Февраль айында көзөмөл органы өспүрүм психиатриялык көзөмөлдө экенин тастыктаган. Бирок эми бала буга чейин өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылганы белгилүү болду. Прокурорлордун айтымында, ал үч ай сабакка барган эмес, бирок мугалимдер буга көңүл бурбай коюшкан.
"Бул бала 2021-жылы деструктивдүү жүрүм-турумдун белгилерин көрсөтүп, өз жанын кыюуга аракет кылган. Бирок мектеп бул тууралуу саламаттыкты сактоо органдарына билдирген эмес. Мектеп администрациясы өзүн-өзү өлтүрүү аракетинин жагдайын да тактаган эмес", - деп айтылат маалыматта.
Облустук прокуратурада өткөн жыйында мугалимдер дагы кол салууга чейин бала теңтуштары тарабынан кысымга алынганын моюнга алышты.